www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары – уюштуруу комитетинин төрагасы Арзыбек Кожошевдин жетекчилиги астында Биринчи Евразия экономикалык форумунун даярдык жыйыны өтүүдө. Бул тууралуу маалымат жыйынында Евразия экономикалык комиссиясынын протоколдук жана уюштурууну камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда форумга толук кандуу даярдык жүрүп жатат. “Борбор калаа форумду өткөрүүгө толук даяр”, - деди ал.

Муну менен катар Турусбеков форумга катышуу үчүн 15 өлкөнүн өкүлдөрү билдирүү бергенин, негизинен ЕАЭБ өлкөлөрүнөн (Кыргызстан, Россия, Армения, Казакстан жана Беларусь) экенин белгиледи. Бирок арасында алыскы чет өлкөлөр дагы бар: Латын Америка, Түштүк-Чыгыш Азия, Корея жана Венеция.

“Жалпысынан форумга катышууга 2 миң 500 катышуучу катталды”, - деди директор.

Маалымат үчүн: 2001-жылы Евразиялык интеграция идеясы Евразия экономикалык шериктештиги катары (ЕврАзЭС) жүзөгө ашырылган, ал эми 2015-жылдын 1-январынан тартып Евразия экономикалык биримдиги катары түзүлгөн (ЕАЭБ). Ага Армения, Беларусь, Кыргызстан, Россия жана Казакстан кирет.

2016-жылы биринчи жолу “Евразиялык жумалык” - көргөзмө-конференция өткөрүлүп, ал Москва шаарында, Сколково инновациялык борборунун технопаркынын аймагында уюштурулган. Келечекте катышуучу-өлкөлөр “Евразиялык жумалык” ар бир жолу аны өткөрүү учурунда Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке төрагалык кылган ЕАЭБ мүчөсү тарабынан өткөрүлөт деп макулдашылган.

2019-жылдын аягында аталган иш-чаранын статусун көтөрүү чечими кабыл алынган. ЖЕАЭК мүчөлөрү “Евразия жумалыгын” Евразия экономикалык форуму форматына өзгөртүүнү чечишкен.

Ошентип, келечекте аны жыл сайын өткөрүү пландалып, бирок 2020 жана 2021-жылдардагы жагымсыз эпидемиологиялык кырдаалдан улам форумду өткөрүүдөн баш тартууга туура келди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости