www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстанда коомдук жайларда чылым чеккендер административдик жоопкерчиликке тартылууда. Бул тууралуу Facebook колдонуучуларынын бири "Потребитель.уз" тайпасына жазды.

Маалыматка караганда, жакында эле Ташкенде коомдук жайларда тамеки чеккен үч жаранга айып пул салынган. Алардын бири электрондук сигарет чегип жатканда кармалган.

Өзбекстанда 2015-жылы коомдук жайларда тамеки чегүү үчүн айып пул киргизилген. Бирок мыйзамга кирген бул норманы укук коргоо органдарынын кызматкерлери дээрлик көзөмөлдөбөй келишкен.

Өлкөнүн Административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 56-1 беренесине ылайык, иш ордунда, саламаттык сактоо, билим берүү, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мекемелерде, жабык жайларда, коомдук транспорттордо жана өрт чыгып кетүү коркунучу бар жерлерде тамеки чеккендер 1/3 минималдык айлык акы өлчөмүндө айып пул төлөшөт. Жарандар үчүн тамеки жана электрондук тамеки чегүү үчүн атайын жайлар каралган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости