www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Украинанын Евробиримдикке жакында кабыл алынышын күтүү — бул ойлонбой иш кылгандык. Бул тууралуу The Wall Street Journal журналындагы макалага шилтеме берип РИА Новости жазды.

"ЕБ — Германия менен Франциянын айланасында курулган биримдик. Бул өлкөнүн саясатчылары өздөрүнүн башкаруучу позициясын эч кимге бергиси келбейт. Мисалы, Украина Евробиримдикке кирсе Варшава — Киев тандеми түзүлүшү мүмкүн. Муну Франция да, Германия да каалабайт", — деди макаланын автору, австриялык саясат таануучу Ральф Герт Шелхаммер.

Ал белгилегендей, Киев маданий жана саясий жактан Берлинге караганда Варшавага жакыныраак. Саясат таануучу мындай кырдаалда Германиянын Евробиримдиктеги таасири төмөндөшү мүмкүн деп эсептейт.

Эске салсак, Еврокомиссиянын башчысы Урсула фон дер Ляйен апрель айында Киевге болгон иш сапарында Украинанын президенти Владимир Зеленскийге Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү баштоо үчүн анкета тапшырган.

Ал бул документ "жакынкы айларда талкуулоо үчүн негиз" экенин баса белгилеген. Кийинчерээк Зеленский анкетанын толтурулган биринчи бөлүгүн Евробиримдиктин Украинадагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Мати Маасикаска тапшырганын айткан. Экинчи бөлүгү 10-майда өткөрүлгөн.

Франциянын президенти Эммануэль Макрон Украинанын Евробиримдикке кошулуу процесси ондогон жылдарга созулушу мүмкүн деп билдирди. Буга байланыштуу ал Украинаны өз катарына кабыл ала турган жаңы "Европалык саясий коомчулук" түзүүгө чакырган.

Ошол эле учурда Польша президентинин аппаратынын эл аралык саясат бюросунун жетекчиси Якуб Кумоч бир катар Батыш өлкөлөрү Украинага Евробиримдикке кирүүгө талапкер статусун берүүгө тоскоол болуп жатканын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости