www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте адам өмүрүн алган жол кырсыгы катталды.

Бул тууралуу Кайгуул кызматынын инспектору Надырбек Жусупов билдирди.

Маалыматка ылайык, кырсык 13-июль күнү саат 09:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде болгон.

Анда автобус жөө адамдар өтүүчү тилкеден өтүп бара жаткан 2017-жылы туулган Н.А. аттуу баланы сүзүп кеткен. Ал алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда жол кырсыгы боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат.

Последние новости