www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Регион” телеканалынын мурдагы жетекчиси Өткүрбек Рахманов 13-июлдан тарта телеканалдын жамааты менен иштешүүсү аяктаганын билдирди.
Ал социалдык тармактагы билдирүүсүндө телеканалдын жамааты менен коштошуп, тиешелүү иш-кагаздарын өткөрүп бергенин айтты.
Рахмановдун айтымында, “Регион” телеканалы 2019-жылы негизделип, алгач чакан команда менен ишин баштаган. 2020-жылдын август айынан тартып телеканалдын жетекчиси болуп дайындалып, 2026-жылдын апрель айына чейин бул кызматты аркалаган. Кийин Башкы директордун орун басары кызматында иштеп келген.
«Бул 7 жыл аралыгында маалымат талаасында телеканалыбыздын ишин алдыга чыгарууга, өз аудиториясын түзүүгө жана эл арасында өз ордун табышына жамаатыбыз менен бирге болгон күчүбүздү жумшадык. Белгилүү жыйынтыктарга жеттик деп эсептейм», — деп белгиледи ал.
Ошондой эле ал телеканалдын ишмердүүлүгүндө кемчиликтер болгон болсо, андай учурлар үчүн кечирим сурады.
«Чакан жана жаштардан турган команда менен колубуздан келишинче иштедик. Күн-түн дебестен, оорудум-сыркадым дебестен эмгектенип, чын дилден кызмат кылдык. Жамаатымдагы ар бир адамга терең ыраазычылыгымды билдирем», — деди Өткүрбек Рахманов.
Ал мындан ары да “Регион” телеканалы ишмердүүлүгүн улантып, жаңы ийгиликтерге жетет деген ишенимин билдирди.
Рахманов учурда эс алып, ден соолугун калыбына келтирүүгө аракет кыларын кошумчалады.
«Колдоп, кубаттап келген бардык инсандарга чын дилимден ыраазычылык билдирем. Жамаатка ийгилик каалайм», — деп жыйынтыктады ал.