www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Араван районунда мыйзамсыз сакталган курал-жарактарды аныктоо жана алдын алуу максатында “Арсенал” аталышындагы ыкчам алдын алуу иш-чарасы өткөрүлдү.

Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери ок атуучу куралдарды сактоо талаптарынын аткарылышын, жеке күзөт мекемелеринин кызматкерлеринде болгон куралдардын абалын, уруксат документтеринин мөөнөтүн жана сактоо шарттарын текшеришти.

Текшерүү учурунда Араван районунун тургуну ок атуучу куралын өз ыктыяры менен Ички иштер органдарына өткөрүп берген.

Ош ОИИБ жарандарга мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдарды, ок-дарыларды жана жарылуучу заттарды өз ыктыяры менен милицияга тапшырган учурда кылмыш жоопкерчилигинен бошотуларын эскертти.

Последние новости