www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстандын Биринчи айымы Айгүл Жапарованын атынан “Алтын балалык” балдардын ден соолукту чыңдоо комплексинде эс алып жаткан балдарга белектер берилди.
Маалыматка ылайык, бул кайрымдуулук акциясы Биринчи айымдын демилгеси менен жыл сайын өткөрүлүп, балдарга көңүл буруу жана камкордук көрсөтүү максатын көздөйт.
Быйыл “Алтын балалык” комплексинде өлкөнүн бардык аймактарынан келген 8000ге жакын бала эс алат. Алар үчүн ден соолугун чыңдоо, эс алуу жана кызыктуу убакыт өткөрүү үчүн бардык шарттар түзүлгөн.