www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда 14-июлдан 18-июлга чейин аномалдуу ысык аба ырайы күтүлөт.
Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Маалыматка ылайык, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын өрөөндөрүндө күндүз абанын температурасы 38…40 градуска чейин көтөрүлөт.
Ал эми 16-18-июль күндөрү Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарынын айрым аймактарында абанын температурасы 41…43 градуска чейин жетиши мүмкүн.
Адистер мындай ысык күндөрү күндүн түз нуру астында көпкө жүрбөөгө, организмди суусуздануудан жана ысык өтүүдөн сактоого чакырышат.
Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн үзгүлтүксүз жана мол сугаруу сунушталат.