www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Ленин райондук милициясына К.У. аттуу жаран кайрылып, 2025-жылдын май айында А.Т. аттуу адам ишенимине кирип, Бишкек шаарынан жер тилкесин сатып алууга көмөктөшөрүн айтып, андан 15 миң АКШ доллар алганын билдирген.

Бирок шектүү өз милдеттенмелерин аткарбай, акчаны кайтарбастан, байланышка чыкпай койгон.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси («Алдамчылык») менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө 1986-жылы туулган А.Т. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Соттун чечими менен ага карата эки айга камакка алуу чарасы тандалып, №1 тергөө абагына киргизилди.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы үч кылмышка тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.

Милиция жарандарды эгерде аталган адамдын аракетинен жабыркагандар болсо, Ленин райондук ички иштер башкармалыгына же 102 номерине кайрылууга чакырат.

Тергөө иштери уланууда.

Последние новости