www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Президенттин жарлыгын аткаруу максатында Министрлер кабинети чет өлкөлүк мамлекеттик номерлери бар транспорт каражаттарын кошумча легалдаштыруу тартибин бекитти.
Бул тууралуу «Унаа» мамлекеттик мекемеси билдирди.
Маалыматка ылайык, легалдаштыруу 2026-жылдын 10-июлунан 1-сентябрына чейин жүргүзүлөт.
Бул бир жолку чара болуп, мөөнөтү узартылбайт.
Легалдаштырууга 2024-жылдын 31-декабрына чейин Кыргызстанга киргизилип, бирок каттоодон өтпөй калган М1, M1G, M2, M2G, N1, N1G жана N2 категорияларындагы чет өлкөлүк номерлүү унаалар кабыл алынат.
Ар бир жаран өз атына бир гана транспорт каражатын каттата алат.
Талапка ылайык келбеген, тактап айтканда 2024-жылдын 31-декабрынан кийин алып келинген, бажы чектөөсү бар, убактылуу киргизилген, издөөдө жүргөн, рулу өзгөртүлгөн же конструкциясына мыйзамсыз өзгөртүү киргизилген унаалар легалдаштырылбайт.
Легалдаштыруу төлөмү кыймылдаткычтын көлөмүнө жараша аныкталды:
200 куб сантиметрге чейин — 50 миң сом;
200 куб сантиметрден жогору — 100 миң сом;
электромобилдер үчүн — 50 миң сом.
Легалдаштырылган автоунааларга «10» аймактык коду бар мамлекеттик номерлер берилет. Бирок аларды сатууга, Кыргызстандын аймагынан сыртка чыгарууга жана үчүнчү жактарга башкарууга өткөрүп берүүгө тыюу салынат.
Документтер Мамлекеттик каттоо борборунун бардык аймактык бөлүмдөрүндө кабыл алынат.
Бишкек шаарында жарандар төмөнкү бөлүмдөргө кайрыла алышат:
Аймактар аралык бөлүм («Риом» автоунаа базары);
Бишкек шаардык бөлүмү («Аю Гранд» соода борбору);
«Биримдик-24» бөлүмү (Биримдик-Кут жаңы конушу).
Жарандарга документтерин алдын ала даярдап, 2026-жылдын 1-сентябрына чейин кайрылуу сунушталды.