www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте автоунаа каттачу айрым чоң жолдор кеңейтилет

Унаа тыгындарын азайтуу максатында Бишкек мэринин тапшырмасы менен "Бишкекасфальтсервис" айрым көчөлөргө кошумча тилке кошуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Учурда курулуш иштери Айтматов жана Горький көчөлөрүнүн кесилишинде жүрүп жатат.

"Бишкекасфальтсервис" ишканасы 2022-жылга тротуарларды капиталдык оңдоодон өткөрүүнү пландаган. Андай иштин алкагында Манас, Айтматов жана Жибек жолу проспектилери, Ахунбаев менен Толстой көчөлөрүнүн жээктери оңдолот", — деп айтылат билдирүүдө.

Кеңейтилчү аянттардын тизмесине Байтик-баатыр жана Масалиев көчөлөрүнүн кесилиши (Түштүк магистраль) дагы кирген. Ошондой эле, жолдорго жана аялдамалардын жанына жаандын суусу агып кете турган боролор орнотулмакчы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости