www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектеги Улуттук тарых музейинин кинозалында 4-майда Т.Океев атындагы Улуттук “Кыргызфильм” киностудиясы даярдаган “Самат Садыков” даректүү тасманын бет ачары өттү.

Иш-чара жүрүшүндө Советтер Союзунун Баатыры Самат Садыковдун жаркын элесине арналган даректүү тасма Тарых музейинде эми 8-майда саат 11:00 жана 15:00 көрсөтүлөөрү белгилүү болду. Тасмада Самат Садыковдун образын актер Нурбек Юлдашев аткарган, фильм 50 мүнөткө созулат.

Эскерте кетсек, Самат Садыков 1920-жылы Ош облусунун Кара-Сай айылында жарык дүйнөгө келген. Ал Берлинди алуудагы салгылашууга катышып, курман болгон. Ага жогорку даражадагы Советтер Союзунун Баатыры наамы 1945-жылыыйгарылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости