www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2025-жылдын 26-июлунда Бишкек шаарынын ИИББна Б.К. аттуу жаран арыз менен кайрылып, анда А.Р.га карата чара көрүүнү суранган.

Анын айтымында, 2025-жылдын 10-сентябрында аталган жаран ишенимге кирип, «BMW X5» үлгүсүндөгү автоунааны сатуу шылтоосу менен алдап алып кеткен. Кийинчерээк автоунаа үчүнчү жакка сатылып, түшкөн акча каражаттарын шектүү өз кызыкчылыгына пайдаланган.

Бул факты боюнча Бишкек шаарынын ИИББнын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1978-жылы туулган А.Р. аттуу шектүү аныкталып, кармалды. Ал Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Бишкек шаарынын ИИББгы жарандарды автоунааларды сатуу-сатып алуу учурунда этият болууга жана мүлкүн аз тааныш болгон адамдарга ишенип бербөөгө чакырат. Эгерде сиз алдамчылыктын курмандыгы болуп калсаңыз, дароо жакынкы милиция бөлүмүнө кайрылыңыз же 102 кыска номерине кабарлаңыз.

Последние новости