www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ош облусунун Араван районунда дыйкандар пекин капустасынын алгачкы түшүмүн жыйнап башташты. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жалпысынан 30 гектар аянтка капустанын 4 түрү айдалган. Анын ичинен эң эрте бышкан түрү — пекин капустасынын "босай" сорту болуп саналат. Учурда дал ушул сорттун түшүмү жыйналууда.
Дыйкандардын пикиринде, жалпы түшүмдүн көлөмү жыл ичинде 450 тоннага чейин жетиши күтүлүүдө. Өндүрүлгөн продукциянын бир бөлүгү экспортко да чыгарылат.
"Бүгүнкү күнгө карата 45 тонна продукция Россияга экспортко жөнөтүлдү. Капустанын сапаты жогору болуп, ар бир башынын салмагы орточо 1 килограммдан 3 килограммга чейин жетет", - деп айтылат маалыматта.