www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте милиция менен УКМКнын кызматкерлери уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармады . Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 6-февралда милицияга аял киши кайрылып, жолдошу М.С. бир жылдан бери кол көтөрүп жүргөнүн, былтыр август айында шаардагы көп кабаттуу үйдүн короосунда сабаганын билдирген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренесине (бейбаштык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Бул ишке шектүү катары 52 жаштагы М.С. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга камакка алынды.

Шектүүнүн үйүндөгү тинтүү иштери учурунда 2 тапанча, 2 магазин, 5 гильза табылып алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Тергөө иштери уланууда.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости