www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда иштеген ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары милдеттүү медициналык камсыздандыруу (ММК) полисин сатып алууга милдеттүү эмес.

ММК фонду белгилегендей, эгерде иш берүүчүлөрү камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө Россия, Казакстан, Беларусь жана Армениянын Кыргызстанда мыйзамдуу негизде иштеген жарандары камсыздандырылган болуп эсептелет. Бул статусту тастыктоо үчүн Социалдык фонддон жеке камсыздандыруу эсебинен маалым кат алуу керек.

Алардын үй-бүлө мүчөлөрү ММК полисин бир жылга 1 840 сомго сатып алууга укуктуу. Бирок кош бойлуу аялдар жана 16 жашка чыга электер камсыздандырылган болуп саналат.

Жеңилдиктерди алуу үчүн фонддун аймактык башкармалыктарына паспорт, жеке идентификациялык номер, баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк, никеге тургандыгы жөнүндө күбөлүк, иштеген жеринен маалым кат жана Социалдык фонддон камсыздандыруу төгүмдөрү жөнүндө маалым кат тапшыруу керек.

Жогоруда көрсөтүлгөн документтер жок болсо чет өлкөлүктөр үчүн ММК полисинин наркы бир жылга 11 910 сомду, жарым жылга 5 955 сомду түзөт.

Суроолор боюнча күнү-түнү иштеген 113 телефонуна чалууга болот.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости