www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ички иштер министрлигинин Баңгизатка каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери Мамлекеттик бажы кызматынын адамдары менен биргеликте эл аралык баңгилик топтордун ишмердүүлүгүн аныктоо жана ага бөгөт коюу боюнча атайын операция өткөрдү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Бишкек шаарында атайын тергөө аракеттерин өткөрүү учурунда “БТС” бажы терминалынын аймагында “Иран Ислам Республикасы - Түркмөнстан - Өзбекстан Республикасы - Казакстан - Кыргыз Республикасы” каттамы боюнча жүргөн “DAF” үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоууна тинтүүгө алынган.

Тинтүү учурунда автоунаанын жүк ташуучу жарым-прицепбинде салынган айрым алма таңгактары пенопласттан жасалган (муляж) 147 даана алма табып алынган, алардын ичинде кристаллга окшогон ак түстөгү, бөтөнчө жыты бар затты камтыган полиэтилен баштыгы болгон. “БТС” бажы терминалынын таразасына көзөмөлдөп, салмакка тартууда кристаллга окшогон заттардын жалпы салмагы таңгагы менен кошкондо 10 килограмм 100 граммды түзгөн.

Бул иш-чаралардын жүрүшүндө жогоруда аталган жүк ташуучу автоунаанын айдоочусу, Өзбекстандын К.Б. аттуу жараны кармалган. Бул факт КЖБРге КР Жазык кодексинин 267-беренеси ("Баңги каражаттарды, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") боюнча катталган.

Алдын ала тергөө амалдарынын жүрүшүндө аталган прицеп Иран Ислам Республикасынан чыгып, Түркменистандын бейтарап аймагында жарым прицеп кошулуп, Өзбекстандын бейтарап аймагына чейин жеткирилип, андан ары аталган айдоочу жарым-прицеп рефрижераторду кошуп Кыргызстандын аймагына бет алгандыгы белгилүү болгон.

ИИМдин Криминалистикалык кызматынын алгачкы изилдөөсүнө ылайык, аталган зат «метамфетамин» (первитин) болгон. "Бул заттын “жашыруун базарда” 1 граммынын баасы 4500 сом, бул өлчөмдөн 15 доза даярдоого болот. Алынган заттын жалпы салмагы 10 кг 100 г түзүп, дозасы – 150 миң болот. Ал баңги каражаттын “жашыруун базардагы” баасы 450 млн сомду түзөт, ал эми КРнын Улуттук банкынын АКШ доллар курсу боюнча 531 миң 286 долларды түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, азыркы учурда ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери тарабынан бул кылмышка катыштыгы бар жактарды аныктоо жана аларды кармоо боюнча мындан аркы атайын-тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости