www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Орусиянын президенти Владимир Путиндин Ооганстандын түндүгүндө "игилдердин" болушу коркунучтуу деп айтканы негизсиз ", - деп билдирди Талибандын маданият иштери боюнча комиссиясынын мүчөсү Анамулла Самангани орус лидеринин билдирүүсүнө жооп кайтарып. Бул тууралуу TOLOnews ооган телеканалы кабарлады. Талибан өкүлүнүн айтымында, "Ислам маллекети" Ооганстандын бир дагы аймагында калктын колдоосуна ээ эмес. 

Жума күнү, 15-октябрда, КМШ мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында Путин Ооганстандын түндүгүндө 2000дей "игилдер" топтолгонун айткан. Орус лидери мурда Ирак менен Сирияда согушкан террорчулар эми Ооганстанда чогулуп жатканына тынчсызданганын билдирген. Ошондой эле Ооганстанда алардын саны эки миңден ашаарын жана алар өлкөнүн түндүгүндө жайгашканын баса белгилеген.

"Топтун лидерлери Борбор Азия мамлекеттерине, Орусиянын региондоруна өз таасирин жайылтууну пландап жатат. Алар этникалык жана конфессиялык конфликттерди жана диний кастыкты козутуу менен алектенет. Террорчулар коңшу аймактарга, анын ичинде качкындардын атын жамынып кирүүгө аракет кылып жатат", - деген орус президенти. Ал КМШ өлкөлөрүн ооганстандан келген согушкерлерге каршы турууга даяр болууга чакырган.

14-октябрда, саммитке бир күн калганда, КМШ өлкөлөрүнүн күч органдары менен болгон жолугушууда Путин: "Буга байланыштуу Афганистан чек арасындагы абалды дайыма көзөмөлдөп, согушкерлерге каршы турууга даяр болуу жана бул үчүн коопсуздук күчтөрүнүн ишин координациялоо, керек болсо биргелешкен атайын операцияларды өткөрүү маанилүү", - деп кошумчалаган.

Путин америкалык аскерлер чыгарылгандан кийинки өлкөдөгү кырдаалды оор деп атап, ал "Ислам мамлекетинин" топторунун аракеттери менен гана таталдашарын айтты.

Ошондой эле КМШ лидерлерин талибдерди расмий түрдө таанууга шашпоого чакырды: Биз азырынча талибдерди расмий түрдө таанууга шашылбашыбыз абзел. Алар менен өз-ара аракеттенишибиз керек экенин түшүнүп турабыз, бирок, шашпайлы. Муну талкуулап, консультацияларды өткөрөбүз. Бирок, ооган элдешүү процессин колдоп, өлкөдөгү абалды нормалдаштыруу керек.

Буга чейин Тажикстандын УКМКсынын башчысы Саймумин Ятимов КМШ өлкөлөрүнүн атайын кызматтарынын жетекчилери жана Орусиянын президенти Владимир Путин менен болгон онлайн жолугушууда чек арадагы абал тууралуу айткан. "Тажик - Ооган мамлекеттик чек арасында абал бир топ оор. Пакистандан кийин эле Тажикстан Ооганстан менен эң узун (1425 км) чек арага ээ. Биз Ооганстандан Тажикстанга көчүүнү каалаган адамдардын чабуулун сезип жатабыз", - деген Ятимов.

"Өлкөдөгү ооган качкындарынын саны 15 миңден ашкан. Күн сайын 500-600 адам тажик-ооган чек арасынан өтүүнү каалайт. Биз баңгизаттарды, курал-жарактарды, ок-дарыларды аткезчиликке тартуу аракеттеринин көбөйгөнүн сезип жатабыз", - деп Тажикстандын УКМК башчысы кошумчалады.

Ал "Тажикстан азыр чындыгында ушундай абалда. 24 саат даяр болуп, күнү-түнү иштөө керек" деди. Анын айтымында, Ооганстандагы азыркы кырдаал бир гана Тажикстандын коопсуздугуна, Борбор Азия өлкөлөрүнө эле эмес, бүткү постсоветтик мейкиндикке, өзгөчө мусулман калкы бар региондорго реалдуу коркунуч туудурат. "Биздин аймакта ислам динин негиз кылып, кырдаалды туруксуздаштырууга конкреттүү ниет бар", - деп баса белгиледи Ятимов.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости