www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва форматында Ооганстан боюнча 20-октябрда өтө турган сүйлөшүүлөргө Иран дагы катышат. Бул туурасында Ирандын ТИМ жетекчиси Саид Хатибзадеге таянып RT кабарлайт. "Москвадагы отурум боюнча айтсак, ага биздин өкүл атайын барып, катышат ", — деген Хатибзаде.

Мындан сырткары, Ирандын тышкы мекем есинин жетекчи Хатибзаде 27-октябрда Тегеранда өтө турган Ооганстандын коңшу өлкөлөрүнүн ТИМ жетекчилеринин деңгээлиндеги жолугушуусу туурасында да кулак кагыш кылган. "Тегеранда Ооганстандын коңшуларынын тышкы иштер министрлерин кабыл алабыз. Бул жолугушуу бетме-бет форматта өтөт", — деген Ирандын ТИМ жетекчиси.

Буга чейин радикалдык "Талибан" кыймылы 20-октябрда Москвада Ооганстан боюнча сүйлөшүүлөргө катышаарын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости