www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Бишкек шаарындагы 996,18 чарчы метр аянттагы, суммасы 127 млн сомду түзгөн 12 даана кыймылсыз мүлк мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

УКМК Бишкек шаарынын аймагында муниципалдык жерди мыйзамсыз берүү фактыларын аныктоо иштерин улантууда. Козголгон кылмыш ишинин алкагында "П" курулуш компаниясы тарабынан 12-кичи районунда жайгашкан мыйзамсыз берилген жер тилкесине көп кабаттуу турак үйдүн курулушу жүрүп жаткандыгы аныкталды.

Иликтөө иштеринин жүрүшүндө 2006-жылы Бишкек шаарынын башкы планынын авторлорунун бири – А.А.М., Бишкек шаарынын мэриясынын жана “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүнүн жооптуу кызматкерлери менен алдын ала сүйлөшүп алып, жыйынтыгында Октябрь администрациясынын жасалма токтомун колдонуу менен аффилирленген жактарга жалпы аянты 0,2 гектар муниципалдык жер тилкелери мыйзамсыз бөлүнгөндүгү такталды.

Белгилүү болгондой, аталган жер тилкелери турак-жай шарттарын жакшыртууга муктаж болгон айрым жарандардын өзүнчө категорияларына арналган. Деген менен, иликтөө иштеринин жүрүшүндө аталган жер тилкелерин А.А.М. аттуу жарандын жакын туугандарына жана Бишкек шаарынын аймагында жашабаган башка жактарга берүү фактылары аныкталып, документтештирилген, бул КР Жер кодексин бузуу болуп саналат.

Кийинчерээк бул жер тилкелерин пайдалануу укугу «П» курулуш компаниясына өткөрүлүп берилип, учурда аталган компания 12 кабаттуу турак жайды куруп жатат.

Козголгон кылмыш ишинин алкагында кабыл алынган комплекстүү иш-чаралардын жыйынтыгында "П" курулуш компаниясы Бишкек шаарынын мэриясынын балансына жалпы аянты 996,18 м2, суммасы 127 млн 681 миң 80 сомду түзгөн 12 бирдик кыймылсыз мүлктү акысыз өткөрүп берди.

Учурда бул сыяктуу фактыларды жана тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости