www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда болот

Кыргызстанда мектептерде «Акыркы коңгуроо» 25-майда болот. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Иш-чара саат 09:00до өтөт. Министрлик мамлекеттик жана менчик мектептердин директорлоруна салтанаттуу иш-чара өткөрүү үчүн акча чогултууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр менен алардын ата-энелерине «Акыркы коңгуроо» салтанатынан тышкары отуруш-кечелерди уюштурууга тыюу салды.

«Акыркы коңгуроону» өткөрүүдө коопсуздук чараларын камсыз кылуу жоопкерчилиги мектептердин жетекчилерине жүктөлөт.

Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктарынын жана райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери төмөндөгүлөрдү аткарууга тийиш:

  • райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн жооптуу кызматкерлери тарабынан күнү-түнү күзөт уюштуруу;
  • мектептердин аймагынан тышкары өткөрүлгөн салтанаттуу иш- чараларда окуучулардын өмүрүнүн коопсуздугуна ата-энелер жооптуу экени тууралуу чогулуштарды өткөрүү.

Министрлик буйрукту аткарбаган мектептердин жетекчилерине кызмат орундарынан бошотууга чейинки тартиптик чаралар көрүлөрүн эскертет.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости