www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Канал-Янтарный берег” аталышындагы баңгизатка каршы операциянын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан 2006-жылы туулган Ж.С.Г. аттуу жаран кармалды.

Маалыматка ылайык, ал Бишкек шаарында баңгизаттарды жашыруун жайлар (закладка) аркылуу таратуу менен алектенген деп шектелүүдө.

Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү мурда даярдалган жашыруун жайларды көрсөтүп берген. Ал жерлерден жалпы салмагы 1 кг 558 граммды түзгөн афган гашиши алынган.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (баңгизат каражаттарын жана психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо) боюнча кылмыш иши козголду.

Табылган заттар соттук-химиялык экспертизага жөнөтүлдү.

Учурда кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө иштери улантылууда.

Последние новости