www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова Москва менен коркутуу, ультиматум жана опуза тилинде сүйлөшүү мүмкүн эместигин билдирди.
Анын айтымында, Россия конструктивдүү жана акылга сыярлык диалогго гана даяр. Захарова мындай билдирүүнү Украинанын тышкы иштер министри Андрей Сибиганын Россияны Анкоридждеги сүйлөшүүлөр боюнча сунуштарды кабыл алууга чакырган сөзүнө жооп катары айтты.
Ошондой эле Захарова Киевди Донбасстан аскерлерин чыгарып кетүүгө чакырып, Украинанын президенти Владимир Зеленскийди тынчтык тууралуу айтып жатып, иш жүзүндө чыңалууну күчөтүп жатат деп айыптады.
Мындан тышкары, ал Москва Батыш өлкөлөрүнүн аракеттерин эске алуу менен өзүнүн кийинки кадамдарын аныктай турганын белгилеп, Украинадагы коррупция жана өлкөгө бөлүнгөн жардамдын пайдаланылышы боюнча атап өттү.