www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ысык-Көл облусунда жаратылышты коргоо жана жаратылыш ресурстарын пайдалануу жаатындагы мыйзам талаптарын аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн рейддик иш-чаралардын жүрүшүндө 78 административдик протокол түзүлдү.

Бул иш-чаралар 2026-жылдын 1-июнунан 1-июлуна чейинки мезгил аралыгында өткөрүлүп, жаратылышты пайдалануу жаатындагы мыйзам бузуу фактылары аныкталган.

Салынган административдик айып пулдардын жалпы суммасы 929 000 сомду түздү.

Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы Бишкек экологиялык прокуратурасы менен биргеликте экологиялык мыйзам бузууларды алдын алуу жана бөгөт коюу багытында рейддик иш-чараларды туруктуу негизде жүргүзүп келет.

Ведомство юридикалык жактарды жана ишкердик субъекттерин жаратылышты коргоо мыйзамдарын так сактоого, айлана-чөйрөгө аяр мамиле кылууга жана экологиялык коопсуздукка зыян келтирүүчү мыйзам бузууларга жол бербөөгө чакырат.

Последние новости