www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарында балдар арабасы менен коомдук транспорт колдонгон ата-энелерди жол акыдан бошотуу мүмкүнчүлүгү пилоттук негизде иштелип чыгышы мүмкүн.
Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талант Капаров менен өткөн кеңешмеде билдирди.
Мэр тиешелүү кызматтарга колдонуудагы жоболорго өзгөртүү киргизилгенге чейин демилгени ишке ашыруунун механизмин иштеп чыгып, аны бир айлык пилоттук режимде сыноону тапшырды. Ошондой эле бул аралыкта калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, пилоттук долбоордун жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык кеңешине сунуш даярдоо милдети коюлду.
Кеңешмеде коомдук транспортто накталай эмес төлөм системасынын жыйынтыктары да талкууланды. Маалыматка ылайык, учурда жүргүнчүлөр үчүн жол акысын төлөөнүн 11 ыкмасы жеткиликтүү. 2026-жылдын 7-июлунда 735 миң транзакция катталып, системанын киргизилиши шаардык бюджетке күн сайын орточо 1 миллион сом кошумча киреше алып келүүдө.
Мындан тышкары, түнкү каттамдардын суроо-талапка ээ болуп жатканы белгиленди. Азыркы учурда аларда күнүнө орточо 2 134 транзакция катталууда.
Ошондой эле мэр Батыш автобекетинде жана «Бишкекавтобекети» муниципалдык ишканасынын аймагында транспорттук карталарды сатуу мүмкүнчүлүгүн иштеп чыгууну тапшырды.
Демилгеге ылайык, борбор калаага келген жарандар автоунаасын автобекетке калтырып, шаар ичинде жүрүүгө ылайыкташкан транспорттук картаны сатып ала алышат.
Мындан сырткары, жайкы туристтик сезонго байланыштуу №13 каттам боюнча түнкү каттам уюштуруу маселеси каралып, бул демилге шаар башчысы тарабынан колдоо тапты.