www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк–Түштүк альтернативдүү унаа жолунун 318-чакырымында жайгашкан «Көк-Арт» тоннелиндеги төлөм алуу пункту ишке кирди.
Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, төлөмдөр накталай эмес тартипте гана кабыл алынат.
Айдоочулар жол акысын QR-код, банктык карта жана башка электрондук төлөм каражаттары аркылуу төлөй алышат.
Министрлик билдиргендей, тоннелди үзгүлтүксүз тейлөө ири чыгымды талап кылат.
Каражаттар туннелдин жарыктандыруу, желдетүү, видеокөзөмөл, өрт коопсуздугу, авариялык байланыш жана башка инженердик системаларынын үзгүлтүксүз иштешин камсыздоого, ошондой эле жолду тейлөө жана оңдоо иштерине жумшалат.
Төлөмдөрдүн өлчөмү төмөнкүчө белгиленди:
М1 категориясы (жеңил автоунаалар) – 100 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик автоунаалар үчүн – 200 сом;
М2 категориясы (5 тоннага чейинки кичи автобустар) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
N2/Т5 категориясы (3,5 тоннага чейинки жүк ташуучу унаалар жана тракторлор) – 250 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1000 сом;
М3/N2 категориясы (автобустар жана 3,5–12 тонна жүк ташуучу унаалар) – 500 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 1500 сом;
N3 категориясы (12 тоннадан жогору жүк ташуучу унаалар) – 700 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 3000 сом;
N3O3, Т4/2, N3O4 категориялары (чиркегичтүү жана ири оор жүк ташуучу унаалар) – 1000 сом, чет өлкөлүк жана транзиттик – 5000 сом.