www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаарынын Ленин районунда турак жайларды мыйзамсыз ижарага берүү фактыларын аныктоо максатында рейддик иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чара Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик салык кызматынын Ленин району боюнча бөлүмүнүн, Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери жана МТУ өкүлдөрүнүн катышуусунда уюштурулду.
Рейддин жүрүшүндө Киев көчөсү, 248 жана 248А даректериндеги көп кабаттуу турак үйлөр текшерилип, жалпы 83 батир кароодон өткөрүлдү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзам талаптарын сактабастан батирлерди ижарага берип жүргөн үч менчик ээси аныкталды.
Мындан тышкары, тургундардан 17 жазуу түрүндөгү түшүндүрмө алынып, алар тиешелүү органдарга андан ары кароо жана чара көрүү үчүн жөнөтүлөт.
Белгиленгендей, мындай рейддик иш-чаралар салык мыйзамдарын бузуу фактыларын аныктоого, ижара рыногун мыйзамдаштырууга, салыктык тартипти жакшыртууга, ошондой эле коомдук тартипти жана жарандардын коопсуздугун камсыздоого багытталган.
Ленин районунун муниципалдык администрациясы турак жайды ижарага берүү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүлүшү керектигин эскертет.
Бул багыттагы иштер мындан ары да туруктуу негизде улантылат.