www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

30-июндан 9-июлга чейин Ысык-Көл облусунун Корумду айылында өспүрүмдөр арасында Борбордук жана Түндүк Азиянын шахмат боюнча биринчи чемпионаты өтөт.

Мелдешке Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия, Түркмөнстан жана Тажикстандан 500дөн ашуун жаш шахматчы катышат. Алардын арасында эл аралык чеберлер жана дүйнөлүк, Азиялык чемпионаттардын жеңүүчүлөрү да бар.

Кыргызстандын шахмат союзу белгилегендей, мелдештин өлкөдө өтүшү жаш шахматчыларга эл аралык тажрыйба топтоого, рейтингин жогорулатууга жана эл аралык нормаларды аткарууга мүмкүнчүлүк түзөт. Кыргызстан чемпионатка эң көп — 200гө жакын катышуучу менен катышат.

Чемпионаттын ачылыш аземи 1-июлда, жеңүүчүлөрдү сыйлоо аземи 8-июлда өтөт.

Последние новости