www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Талас облусундагы «Чоң-Капка» жана «Кызыл-Адыр» транспорт көзөмөл пункттарында коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу жана көзөмөл процессинин ачык-айкындуулугун камсыздоо максатында жаңы уюштуруу чаралары ишке ашырылды.

Бул иштер Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Транспорт департаментинин 2026-жылдын 3-июнундагы №99 буйругунун негизинде жүргүзүлдү.

Министрликтин маалыматына ылайык, салмак-габариттик текшерүү учурунда инспекторлор менен айдоочулардын түз байланышын азайтуу үчүн транспорттук документтерди кабыл алуу жана текшерүүгө арналган атайын терезечелер орнотулду.

Натыйжада жарандар менен кызматкерлердин түз өз ара аракеттенүүсү минималдаштырылып, текшерүүлөрдүн объективдүүлүгүн жана кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатууга шарт түзүлдү.

Министрлик белгилегендей, мындай чаралар транспорттук көзөмөл системасында ачык-айкындуулукту күчөтүүгө, кызматтык тартипти бекемдөөгө жана коррупциянын алдын алууга багытталган.

Транспорт жана коммуникациялар министрлиги бул багыттагы иштер мындан ары да ырааттуу улантыларын билдирди.

Последние новости