www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте Беларус элин колдогон акция өттү

Бүгүн, 14-сентябрда Беларустун Кыргызстандагы элчилигинин алдында  беларус элин колдогон акция өттү. Он чакты адам катышкан жыйынды «Бир дүйнө - Кыргызстан» укук коргоо уюму уюштурду.

Алар Беларуста тынч акцияларга чыккандарды куугунтуктап, камакка алууну токтотууну талап кылышты.

«Бир дүйнө - Кыргызстан» уюмунун жетекчиси Төлөкан Исмаилова башка мамлекеттердин активисттерин да тилектештик билдирүүгө чакырды. Ошондой эле парламенттик шайлоого камылга көрүп жаткан кыргыз өкмөтү Беларустагы окуялардан тыянак чыгарышы керек экенин белгиледи.

Жарым сааттык акциянын катышуучулары талаптарын айтып, тарап кетишти. Элчиликтен алардын алдына эч ким чыккан жок.

Эске салсак, Беларуста 9-августтагы президенттик шайлоодо өлкөнү 30 жылдай убакыттан бери башкарып келаткан Александр Лукашенко жеңгени жарыяланган. Ошол күндөн бери оппозициянын жана жөнөкөй тургундардын нааразылык жүрүштөрү токтой элек. Бийлик жүздөгөн адамды кармады.

Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) эсебинде Беларустагы тоз-тополоңдо бери дегенде төрт адам мерт болду, сегиз адамдын дайыны белгисиз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости