www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ордо калаада коронавирустан улам төрт мектеп жана үч бала бакча убактылуу карантинге жабылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

"Ленин районундагы №9 жана 13 мектептер онлайн-окууну улантууда. Октябрь районундагы №14 мектеп, Свердлов районундагы №1 мектеп дагы аралыктан билим алып жатышат. №104, 148, 61 бала бакчалар карантинге жабылды", — деп айтылат билдирмеде.

Ал арада буга чейин убактылуу жабылган 19 мектеп кадимки тартипте окуй баштаганы айтылды.

Офлайнга өткөн окуу жайлар:

Октябрь району: №17, 26, 62, 88 мектептер;

Биринчи май району №6, 18, 28, 70, 61, 48 мектептер:

Свердлов району №4, 11, 12, 30, 32, 38, 67, 52, 33 мектептер.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости