www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Учурда элди кыжырланткан жагдайлардын бири - күйүүчү майдын баасы болуп жатат. Дагы көтөрүлөрүн маалымат жыйын өткөрүп, Кыргыз нефтетрейдерлер ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Мунун акыры кайда алып барат? Кандай жолдорду издесе болчудай?

- Бензин жана унаа газдын баасы жок дегенде бир жылда 50%га өстү. Дагы деле өсүү темпи уланып жатат, бирок бийлик тараптан болгону «дүйнө жүзүндө нефтинин баасы көтөрүлдү, ошондуктан бизде дагы өсүп жатат» деген актануудан башка сөз айталбай жатат.

Албетте, бензиндин 80%ы Россиядан ташылып келинет экен, унаа газы болсо Казакстандан жана Россиядан алынууда. Менин оюмча, Россияга болгон санкциялардын кесепети бизге дагы тийип жатканы талашсыз. Ошондуктан орустар бюджетти бизге окшогон өлкөлөргө бензиндин баасын кымбат сатып, компенсация кылып жаткандай.

Бирок биз бир гана Россияга байланбай, альтернативдүү жолун дагы карап көрүшүбүз керек окшойт. Мисалы, Түркменстандан же Азербайжандан, балким Иран ислам өлкөлөрүнөн деле импорт кылуу жолун изилдеп көрсөк кантип болбосун? 

Мындай темп менен кетсек, эртеби-кечпи сөзсүз кризиске кептелебиз жана социалдык жарылууга алып келиши мүмкүн.

Булак: Азия News гезити

Последние новости