www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарлары, мүчөлөрү өз милдеттерин аткарбай, пиар жана популизм менен алек, деп билдирди депутат Өмүрбек Бакиров (Көк-Жар округу) 3-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында.

Депутаттардын милдети аларды тартипке чакыруу, дейт ал.

«Эдил Байсалов жетектеген тармак — социалдык тармак. Эмне биздин мамлекетте соц.тармак жыргап кеттиби? Саламаттыкты сактоо министрлиги эмне кылып жатканын өзүңүздөр көрүп жатасыздар — кандй академиктерди иштен бошотуп, бир оорукананы (жоюп), бүтүндөй бир системаны талкалап жатат. Ошондуктан биз аларды тартипке чакырышыбыз керек. Популизм менен алектене турган болсо, жумушун таштап, бошотуп коюп, аракетин кылыш керек», - деди ал.

Депутаттын айтымында, Конституцияда Жогорку Кеңеш дайындоо жана кызматтан бошотуу укугу бар деп так жазылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости