www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин Октябрь райондук сотунда үч киши өлтүрүү боюнча айыпталып жаткан Чынтемир Аширалиевдин соту башталды.

Бүгүн жыйындын жүрүшүндө киши колдуу болгон аялдын агасы Жаныбек Канзаманов жабырлануучу тараптын өкүлү катары суракка алынды.

Анын айтымында, ал эжесинин бирөө менен мамиледе экенин билген, бирок аны жеке тааныган эмес.

"16-февраль күнү милиция кызматкерлери телефон чалып, 5-кичи райондогу эжемдин дарегине келүүнү суранышты. Барсам, батирден эжем менен анын үй-бүлөсүнүн жансыз денеси табылганын айтышты. Мага шектүүнүн сүрөттөрүн жана видеолорун көрсөтүштү. Мен аны таанычу эмесмин, бирок депутаттыкка аттанып жатканы тууралуу маалымат бар болчу, бул тууралуу милиция кызматкерлерине айткан. Эжемдин мамилеси, уулу бар экенин билчүмүн, бирок ал бизди тааныштырган эмес. Мени менен жеке мамилеси тууралуу сүйлөшкүсү келчү эмес", - деген ал.

Эске салсак, 16-февралда 5-кичирайондогу батирлердин биринен аялдын эки баласы менен жансыз денеси табылган. Аталган факты боюнча адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголгон. Шектүү кармалып, ал УКМКнын мурдагы кызматкери болуп чыккан. Кармалган адам Бишкек шаарындагы СИЗО-1ге камалган. Кийинчерээк Борбордук ички иштер башкармалыгынын жетекчилиги чуулуу кылмыштын чоо-жайын жарыялады.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости