www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Россия Федерациясынын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков журналисттерге "Вагнер" жеке аскердик компаниянын жетекчиси Евгений Пригожин менен келишимдерди ишке ашыруу боюнча эч нерсе айта албастыгын билдирди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлайт.
"Бул тема боюнча мен силерге айта турган жаңы маалыматтар жок", - дейт Песков Пригожин менен 24-июндагы келишим дагы эле күчүндөбү деген суроого жооп берип жатып.
Эскерте кетсек, Евгений Пригожин 24-июнда аскердик козголоң баштап, Москвага кеткен. Ошол эле күнү Беларустун башчысы Александр Лукашенко Путиндин макулдугу менен Пригожин менен сүйлөшүүгө киришкенин жана аны Москвага барбоого көндүргөнүн жарыялаган.
Кийинчерээк Дмитрий Песков Пригожинге коюлган бардык айыптар алынып салынганын жана ал Беларуска бара турганын билдирген. Бир нече күндөн кийин, 27-июнда Лукашенко "Вагнердин" жетекчиси Беларуста экенин тастыктаган. Ал эми 6-июлда Беларустун жараны өлкөдө жок экенин, анткени ал Санкт-Петербургга, балким Москвага кеткен болушу мүмкүн экенин айткан.
Жыйынтыгында В.В.Путин жанындагы саткындардын тизмесин тизмектеп алды. Айрым атын атагысы келбеген эксперттер, Пригожиндин болуп өткөн кадамын "спектакль" деп айтышкан эле. Пригожин менен Путин жолуктубу же жокпу, кандай болгон күндө дагы болуп өткөн окуя Кремлдеги саткындардын бетин ачты.
Булак: NazarNews.kg