www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте апасы, уулу, кызынын өлүмүнө айыпталган жаран күнөөсүн мойнуна алган эмес.

Бүгүн прокурор айыпталуучунун өзгөчө оор кылмышты кантип жасаганы көрсөтүлгөн айыптоо корутундусун окуп берди. Кошумчалай кетсек, мамлекеттик айыптоочу аялды жана анын эки баласын өлтүрүп жаткан учурда Чынтемир Аширалиев өзүнүн аракеттеринен кабардар болуп, ага жооп бере турган абалда болгонун белгиледи.

"Соттук-психиатриялык экспертизанын корутундусуна ылайык, Чынтемир Аширалиев акыл-эси жайында, психикалык жактан жабыркабайт. Кылмыш учурунда ал жасаган иш-аракеттерине жооп бере алган. Медициналык мүнөздөгү мажбурлоо чараларын колдонуу талап кылынбайт. Чынтемир Аширалиев баңги жана алкоголго көз каранды эмес", - дейт ал.

Сот Надырбек Токтосунов Чынтемир Аширалиевден "күнөөңдү мойнуңа аласыңбы?" деп сураганда, ал күнөөнү мойнуна албай турганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости