www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Блогер Улукбек Карыбек уулунун жоруктарына боюнча Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы даттанышкан. Окуя боюнча саламаттыкты сактоо уюмунун Фейсбук баракчасында жарыяланды.
Маалым болгондой, Улукбек Карыбек уулу оорукананын төрөт үйүнө 7-июль күнү эки адамдын коштоосунда келген. «Алар тартипти бузуп, оорукананын кабыл алуу бөлүмүнө кирип, агрессивдүү жүрүм-турумдарын көрсөтүп, медицина кызматкерлерин коркутуп, кысым көрсөтө башташкан», - деп белгилейт ооруканадан.
Кызматкерлер инфекциялык режимди бузбоо үчүн блогерден жана анын шериктеринен бөлүмгө кирбөөнү, кош бойлуу аялдарга жана төрөт учурундагы аялдарга жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылбоону бир нече жолу суранып, оорукананын стационардын аймагынан бардык суроолорго жооп берүүгө даяр экендиктерин билдиришкен. Бирок блогер мындай сунушка макул болбой, бейтаптарды текшерүүгө тоскоолдук кылып, видеокамерага кош бойлуу аялдарды да тартып алган.
Ооруканадан кошумчалангандай, Улукбек Карыбек уулу реанимация бөлүмүнүн кызматтык кире бериш эшигин бузуп кирип, көчө кийими жана бут кийими менен кирип, медицина кызматкерлеринин ишине тоскоолдук кылган, ошондой эле Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын төрөт үйүнүн мүлкүнө материалдык зыян келтирген. Саламаттыкты сактоо уюмунан баса белгилегендей, мындай аракеттер бейтаптардын укуктарын жана коопсуздугун бузат.
"Эгерде Улукбектин мыйзам бузуу фактылары боюнча маалыматы болсо, ал медициналык мекеменин ичине кирбей туруп эле маалыматтарды ала алат же арызын кароо үчүн тиешелүү органдарга кайрылса болот. Медициналык мекемелердин ишиндеги мүмкүн болгон көйгөйлөр жана мыйзам бузуулар жөнүндө, анын ичинде саламаттыкты сактоо органдарына, прокуратурага же журналисттик бирикмелерге кайрылууга боло турган механизмдер бар. Блогерлер жана журналисттер мыйзамдарды жана процедураларды сактоого жана бейтаптардын укуктарын жана коопсуздугун сактоого тийиш", - делет мекеменин маалыматында.
Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасы медициналык мекемелерде, анын ичинде коопсуздук, инфекциялык көзөмөл жана бейтаптардын укуктарын коргоо боюнча нормалар жана протоколдор сакталышы керек экенин кошумчалайт. Ал эми медицина кызматкерлери аларды так аткарышы керек. Ал эми демократиялык коомдун маанилүү курамдык бөлүгү болгон медициналык мекемелердин ишин коомдук байкоо жана чагылдыруу мыйзамдардын жана этикалык принциптердин алкагында, бейтаптардын укуктарын жана коопсуздугун сактоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.
"Төрөт үйүндө болуп өткөн окуяларга таптакыр жол берилгис көрүнүш. Медициналык персоналдын коопсуздугун бузуу жана бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүгө тоскоолдук кылуу саламаттыкты сактоо системасына да, ага болгон элдин ишенимине да зыян келтирген жол берилгис аракеттер болуп саналат. Демократиялык мамлекетте бардык жарандардын укуктары жана эркиндиктери бар, бирок бул укуктар мыйзам чегинде сакталып, башка адамдардын укуктарын урматтоого тийиш. Мында Улукбек Карыбек уулу медициналык мекеменин мыйзамдарын жана жоболорун этибарга албай, агрессивдүү жүрүм-турум көрсөтүп, кызматкерлердин иштөөсүнө тоскоолдук кылган", - деп кошумчалайт саламаттыкты сактоо уюмунан.
Оорукана медицина кызматкерлерин коргоо механизмдерин иштеп чыгуу, анын ичинде дарыгерлердин чыныгы иши жана алар дуушар болгон кыйынчылыктар тууралуу маалыматтык кампанияларды жүргүзүү зарылдыгын белгилейт. Ошондой эле өз ара түшүнүшүүнү жакшыртуу жана ишенимди өнүктүрүү үчүн коомчулук менен медициналык адистердин конструктивдүү диалогун камсыз кылуу маанилүү", - деп жыйынтыктайт алар.
Ал эми бул боюнча блогер Улукбек Карыбек уулу Фейсбук баракчасына төмөндөгүдөй билдирүү калтырган.
"Урматтуу Ош облусунун дарыгерлери!
Төрөт үйлөрүндө, балдар ооруканасында, жалпы эле медициналык мекемелердеги шарттар, бейтаптарга жасалган мамиле, санитардык талаптар биздин бараарыбызда эле эмес, ар дайым саламаттыкты сактоо жөнүндө жазылган мыйзам талаптарындагыдай аткарылууга тийиш!", - дейт ал.
Булак: NazarNews.kg
Сүрөт иллюстрация.