www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек мэриясынын 12-апрелдеги №100 буйругун аткарбагандыгы үчүн айрым курулуш объектилеринде иш токтотулду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларына кум, шагыл, топурак ташыган оор техникалардын дөңгөлөктөрүн жууган жабдууларды жана пунктуларды 29-апрелге чейин орнотуу боюнча эскертүү берилген.
Аталган көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн төмөнкү объектилердин иши убактылуу токтотулду:
Буденный көчөсү, 164 дарегиндеги "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы;
Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги "Эмаком" ЖЧКсы;
Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги "О2 Development" ЖЧКсы;
Ауэзов көчөсү, 5/2 дарегиндеги "МакроГрупп" ЖЧКсы;
Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги "Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы.
Алар атайын жабдууларды орноткондон кийин ишин уланта алары кошумчаланган.
Булак: NazarNews.kg