www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 

Кара-Суу районунда салык кызматкери 100 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, атайын кызматка ишкер кайрылып, Кара-Суу районунун салыкчылары өлкөгө алып келинген тогуз автоунаанын 650 миң сом салыгын жашыргандыгы үчүн 100 миң сом пара талап кылганын маалымдаган.

Факт боюнча текшерүү иш-чараларынын жүрүшүндө акча каражатын Ош облусунун Кара-Суу райондук салык кызматынын бөлүм башчысы К.Р.Т. опузалап талап кылгандыгы аныкталган.

Шектүү 100 миң сом пара алып жаткан жеринен 27-апрелде кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости