www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте бир мектеп карантинге жабылды

Бишкектеги №56 мектеп коронавируска байланыштуу карантинге жабылганын вице-мэр Виктория Мозгачева брифингде билдирди.

Анын айтымында, билим берүү мекемесинде бир инкубациялык мезгилде эки учур аныкталган. «Ошондуктан, алгоритм боюнча биз мектепти карантинге жабууга туура келди. Ал жерде мугалим менен окуучу ооруп калышты. Бирок алар байланышкан жок, ал жерде очок жок», - деди ал.

Виктория Мозгачева борбор калаанын мектептериндеги үч класс дагы онлайн режимге өткөнүн белгиледи.

«Жаңы жылдан кийин бардык мектептер онлайн окутууга өтөт деген эч кандай өбөлгө жок экенин баса белгилегим келет. Мындай ушак-айың кептер тынымсыз айтылып келет», - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости