www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылы канча мигрант каза болгонун МОМ билдирди

Эл аралык миграция уюму (МОМ) тараткан билдирүүгө ылайык, 2021-жылдын башынан бери 4400дөн ашуун мигрант башка өлкөнүн аймагына кирүүгө аракет кылып каза болгон.

"Дүйнө жүзүн кыдырып жүргөн мигранттардын трагедиялуу өлүмүнүн санын азайтуу боюнча конкреттүү чараларды көрүү зарылдыгына жыл сайын басым жасалганына карабастан, 2021-жылы 4470ден ашуун адам каза болгон", — деп айтылат билдирүүдө.

Эл аралык эмгек уюмунун маалыматы боюнча, 2014-жылдан бери 45 400 мигрант каза болгон.

Отчетто быйыл планетанын көптөгөн миграция жолдорунда, анын ичинде Европа менен Түндүк жана Түштүк Америкада каза болгондордун жана жоготуулардын саны өскөндүгү айтылат. Маселен, 2021-жылы 651 адам Мексикадан АКШга чек арадан өтүп бара жатып каза болгон. Ошондой эле Европага жана Европадан келген миграция жолдорунда 2,720 өлүм катталган.

Маалыматта ЭЭУ мамлекеттерди мигранттардын өмүрүнө коркунуч туудурган жагдайлардын санын азайтуу үчүн конкреттүү чараларды иштеп чыгууга чакырганы айтылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости