www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү каарманым бардык жанрда ар кандай аялдардын образын жеткиликтүү ойноп келе жатат. Бул актрисанын тагдырынын кызык жери өмүрү, жашоосу, өткөнү, келечеги жуурулуша келип, театрга жипсиз байланып калгандай. Анткени чыгармачылыктын чыйыр жолунда Үсөн Мурадиллаевге жолугат. Бирге түтүн булатып, Азиз аттуу уулдуу болушат... “Аял темасы ушундай нерсе экен, аны канчалык изилдесең да дайыма жаңы бойдон кала берет» деп Л.Толстойдун айтканына ынанам. Аялзаттын бардыгы эле жан дүйнөсү аялуу назик боло бербейт. Кыргыздын таланттуу актёру Үсөн мырзаны жоктотпой уулу Азизге тирөөч болгону ырас.
- Кандай роль болбосун ийине жеткире аткарган актриса кыялданган ой-чабыттын канчасы ишке ашты болду экен?
- Актриса болом деген кыялым бала кезимден эле бар болсо керек, апамдын илгерки кытай жоолуктарынан көшөгө жасап, кичинекей бөбөктөрдү катар тизип алып, концерт коюп берчү элем. Ал убакта “Кыргызстан маданияты” аттуу гезит боло турган. Атам менин актриса болуумду аябай самачу. Апам ошол гезитти алып келип, жаңы театралдык окуу жай ачылганын айтты дагы, колума 100 сом карматып, борборго жөнөтүп жиберди. Конкурс катуу болду, бир орунга 20 бала, же өткөнүмдү, же кулаганымды билбейм. Ошол убакта биздин корифейлер А.Боталиев, А.Көбөгөнов, С.Жаманов, М.Рыскулов, Д.Күйүкова, Б.Кыдыкеева, А.Өмүралиев, С.Далбаевдер экзаменге катышып толуп алчу, алардан толкунданбай кое албайсың. Азыр эстесем күлкүм келет монологго келгенде баарыбыз эле К.Жантөшовдун “Ажарын” жаттап алчу экенбиз. Ажардын монологун айтып өтүп кеттим. Залкарлардан Жалил Абдыкадыров бизге аз эле сабак берип калды, андан соң Афелия Эркимбаева сабак берип калды. Тамара Габбенин “Альманзордун сыйкырдуу шакектери” деген пьесасын сахналаштырган Афелия эже эле, мен башкы каарман ханышанын ролун жараттым. Ал убакта эреже боюнча студенттер биринчи состав болсо, артисттер экинчи составды ойношчу. Уникалдуу талант Бакен эже: “Мен бул кыздан экинчи составымын” деп күлүп айтып калчу. Бир жолу спектаклге бир корзина гүл алып келип, ошондо Бакен эже мени өзүнө жакын сезип менден өзүн көрүп тургандыгын билдиргенде аябай толкунданып кеттим. Ошол алгачкы бүтүрүүчүлөрдөн мен, ушул театрда иштегендерден Чоро жана Эгемберди элек. Бул жакта туугандарым жок, балдарына каралашканча Афелия эженин үйүндө жашап калдым. Ал кезде Ленинграддан, Москвадан режиссёрлор келип, биздин спектаклдерди көрүп ошол жерден актёр, актрисаларды тандап алышчу. Чет жактан келген режиссёрлордун спектаклдеринде көп ролдорду жаратып жүрдүм.
Күлипа Кондучалованын эмгеги зор. Анткени ошол учурунда союздук республикалардын маданият күндөрү Ташкентте өтмөк эле. Мени ушул драмтеатрга алып калып бир жылдан соң, билимимди жогорулатуу үчүн Ташкенттин театралдык окуу жайга өткөндө, айылдагы апамды караганча жардам берсемби деп ойлогом, ошондо Кондучалова мени кармап алып: “...сен эмне айылга барып күйөөгө тийгиң келип калдыбы?”-деп көпчүлүктүн арасында айтты эле бетим кызарып уялып кеттим. Көрсө, ал көрөгөч киши мени ошентип маданият күндөрүнө катышууга түрткөн экен. Бул дагы болсо менин актёрдук бактыма ошондой улуу кишинин себеп болуп калганы го деп ойлойм. Ошондо Чокубаев экөөбүз өзбек бийин бийлеп, байгеге ээ болгонбуз.
- Ийгиликтин ачкычы таланттын күчүндө болуп жүрбөсүн...
- Ийгилик талыкпаган эмгектин жыйынтыгы эмеспи. Союз убакта план толтуруу биринчи орунда болчу. Кыргызстандын булуң-бурчуна чейин гастролдоп барып коён жатагына чейин билип калдык. Биздин жаштыгыбыз ошону менен өттү. Ал ийгилигиң тар чөйрөдө гана айтылып калат. Өз баасын учурунда албай калган канчалаган чыгармачыл инсандар өтүп кетишти, кээ бири азыр деле эмгеги бааланбай келет. Биздин муун кайра куруу мезгилине туура келип, жаштыгыбыз шамалга учуп кетти, кайтара албайбыз. Бизде эгер ошол жаштыгым болсочу деген арман калды. Теңтуштарымды карап туруп “атаңгөрү азыр ушул спектаклдер ошол жаштыгыбызда эмнеге коюлбады” деп өкүнөм. М.Байжиевдин “Төрт адам” спектаклин сахналаштырган режиссёр Т.Океев. Т.Абдумомуновдун “Маликасын” Афелия Эркимбаева койгон эле. Актёрдук тагдырымда, Кудайга шүгүр, эңсеген ролдорумдун дээрлик көпчүлүгүн аткаргандай болдум. Союз маалында гастролго чыкканда спектакль бүткөн соң, милдеттүү түрдө жарым саат концерт да коёт элек. Раматылык М.Токтобаев экөөбүз агитбригадага чыкчубуз. Гастролдун оор түйшүктөрүнөнбү, айтор, гастролдо жүрүп курсактагы балдарымды мезгилсиз жоготуп алгандыктан, Азиз уулум жалгыз болуп калды окшойт го.
- Сүйүү сезимин билдирүү оңойго турбасы чын. Жолдошуңуз сезимин кантип билдирди эле?
- Жаштык, сүйүү, сезим булардын баары боло жүрчү эмеспи. Бойго жеткен кезде көптөгөн көз арткан жигиттер болду. Бирок тагдырым ушундай го, кесиптешим раматылык Ашыр Чокубаев: “Анара, сен турмушка чыксаң өзүңө кесиптеш жигитти танда, ошондо гана сен талантыңды өстүрө аласың, бизге го эркектерге эч нерсе эмес, жашап да, иштеп да кете беребиз, талантты аздектеген кыз балага мындай иштер жеңилге турбайт”- деп кеңешин берер эле. Өмүрлүк жолдошум Үсөндү да ошол тааныштырып себепчи болду. Ал мезгилде эмнегедир Үсөн сүйлөбөй эле Ашыкем сүйлөчү. Жашап калганыбызда анын мага болгон сезимдерин көрүп, эмнеге сен ошондо өзүң эле сүйлөгөн эмессиң десем, ал мага карап жылмайып, “билбейм, анда сенден корксом керек да” деп койгон.
- Менин жолдошум гений! Ал акчадан башкасынын баарын жасай алат деп Эйнштейндин аялынын айтканы бар экен. Жолдошуңузга болгон бааңыз...
- Өкүнгөнүм, Үсөн эмнегедир театрда активдүү болуп негизги ролдорду көп аткарганына карабастан сыйлык-сыймык жагынан эч нерсе алган жок. Ал азыркы КТРКда дагы иштеп калды. Эл күтүп көрчү “Мыскыл жана тамаша” берүүсүнүн түптөөчүлөрүнөн эле. Театрда бир топ алдыңкы образдарды ойноду. Эмесе, М.Токтобаевдин “Көл жээгиндеги үйдө” - Таалай, Ж.Садыковдун “Айкөл Манасында” - Серек, “Манастын уулу Семетейинде” - Семетей, С.Ахмаддын “Келиндер козголоңунда” - режиссёр, Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпайында” таксист деген өңдүү образдары элдин эсинде калгандыр деп ойлойм. Экөөбүз Б.Жакиевдин “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” драмасында (режиссёру Нурлан Абдыкадыров) негизги каармандар таксистти Үсөн, анын аялын мен аткаргам. Өз каармандарыбыздын образын жакшы эле чагылдырган окшойбуз. Спектакль бүткөндөн кийин эле мага карата көрүүчүлөрдүн жек көргөндөй көз карашта карап жаткандарын байкап калган учурларым болду. Бир кызык окуя эсиме түштү. Каракол театрында ушул спектаклди коюп бүтүп, көрүүчүлөргө концерт тартуулаганбыз. Мен “...сайраса торгой” деген ыр саптары бар ырды ырдагам. Жолдо баратсак бир абышка-кемпир бизди токтотуп, кемпири: “...ушундай келиндин барынан жогу деп жаман көрүп жаттым эле, баягы ырың менен баарын жууп кеттиң, көп жаша!” деп өзүнүн жапон жоолугун башыма салып койду...
80-жылдардын башы болсо керек эле, азыркы КТРКнын адабий драма бөлүмүндө Жолоочу Рысбаев редактор болчу. “Мыскыл жана тамаша” долбоорунун түптөөчүлөрү Үсөн менен Кымбат Мусаев эле. Үсөн “Алтынчы күнү кечинде” долбоорун дагы алып барып жүрдү. Үчөө биригип алып чыгармачылык жаатында көп эмгектерди элине калтырышты...Ким билет? Балким эмгегинин бааланбаганы анын ичине курт сыяктуу сыр болуп ооруга айланып кеткенби деген да ой келип кетет кээде. Анткени ал таарыныч, өкүнүчүн оңой менен сыртка чыгарбаган көңүлү баладай жумшак эле...
Карабайсыңбы, туулган күнү менен өлгөн күнү бир числодо болуп жатпайбы!.. Үсөндү адам катары баалай турган болсом, дос-жарга, тууган-урукка үзүлүп түшкөн ак көңүл эле. Тууганчыл жагы бөтөнчө бир жан эле, андай адам кылымда бир жаралат. Баса, ушул жерден бир нерсе эсиме түштү. Кайсы бир жылы атын атабай эле коёюн бир журналист келип интервью алган. Ошондо Үсөндүн тууган-уруктары менен биздин ортобуз жөнүндө калпыстык кетирип койгон экен. Сөздүн күчү кыйын эмеспи. Мамыр-жумур болгон туугандык мамилебизге жарака кетип калбадыбы. Эмесе, ошол тууган-уруктарыбыз мурда кандай болсо бүгүнкүгө күнгө чейин сыйлуу бойдон кала берет... Үй-бүлөбүзгө дагы таянган тообуз, камкор адамыбыз болгон. Мүнөзү ушунчалык шайыр эле, ал олтурган жер күлкүгө толуп турчу.
- Ата жолун улаган уулуңуз Азиздин кайсы кыял-жоругу атасын жазбай тарткан?
- Мен жогоруда айткандай атасынын эң мыкты кыялдарынын баары Азизде бар. Ак көңүл, шайыр, дос-тууганчыл, өжөр, эмгекчил. Өзүмдүн баламды өзүм мактагандай болбоюн, эл тараза, эл сынчы, театрдын сахнасында, кинодо байма-бай роль аткарып, эл сүймөнчүлүгүнө ээ болуп келе жатат. Ошол үчүн дагы жумурай –журтту, аны сүйгөн элинин бата-дубасы, тилеги Кудайга жетип, ошолордун материалдык жана моралдык колдоосунун да натыйжасында Кудай Таалам баламды колума кайтарып берди.
Динара Асылбекова
Булак: NazarNews.kg