www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Маммологиялык борбордун директору кызматтан бошотулду

Маммологиялык борбордун директору Дамир Абдылдаев ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу АКИpress агенттигине Улуттук онкология жана гематология борборунун директору Бактыгүл Султангазиева билдирди.

Анын айтымында, директордун дарегине көптөгөн арыздар түшкөн. «Ал 30-ноябрда өз милдеттерин аткарбагандыктан кызматынан бошотулган. Маммологиялык борбордо устав жана функциялар боюнча гана эмес, каржылык жактан да көп мыйзам бузуулар бар», - деди ал.

Дамир Абдылдаев 2006-жылдан бери Улуттук онкология борборунун маммологиялык борборун жетектеп келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости