www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Соңку саясый кырдаалдардын өнүгүшү башкаруу системасына барып такалып калды өңдөнөт. Президенттик башкаруунун баштапкы соккусу ушул шайлоо болду. Кана эмесе, ушул суроого жооп издеп көрөлү.

Чынында абал "хайлайлоо". Парламенттик шайлоону бир "сбой" менен жайлады. Чынында мен да башында ишенгем, элдин баары ишенген. Президент баш, өкмөтү төш болуп, жапырт шайлоо "апакай" өтөрүн айтышып, үтүктү сайсаң да какшап, элдин кулак кужуру канып, манипуляция жакшы жүрдү. Эзели ишенбегендер да ишенди...

Чынында мурункудай административдик ресурс колдонуп, акча таратуу дээрлик болбоду. Тараткандар кармалып, айрымдары саясый жарыштан четтетилип, "баракелде" деп кол чаап турдук. Алтургай айрым акимдер талапкердин жыйынына бара калып, иштен айдалды.

Бийлик “дүйнө таңкалгандай таза шайлоо болот” деп убаданы катуу берди. Көрсө, чыныгы "сыры" дал ушул БШКнын сайтынын бир баракчасында болуп калды көрүнөт. Добуштарды кол менен санап бүтмөйүн мыйзамсыз болору болжонду...

Ооба, туура, шайлоо боюнча мыйзамда ар бир добушканаларда байкоочулар, шайлоо комиссиясынын мүчөлөрүнүн катыштыгы менен толук саналып бүтүп, протоколдор түзүлүшү керек. Бул эрежелер сакталбаганын саясый партиялар да, байкоочулар да айтып чыгышты.

Айрым жерлерде байкоочуларды “үйүңөргө кете бергиле” деп кууп жиберишти. Бюллетендер кандай бурмаланды, эмне болгонун бир Кудай менен бийлик билбесе, элдин башы дендароо боюнча. Бул шайлоо Сокенин шайлоосунан эмне айырмасы бар?

Мында деле, анда деле бийликтин партиялары алдыңкы орундарды алышты. Адахан Мадумаров айткандай, аты-жыты белгисиз партиялар эле көп добуштарга ээ болушту. Былтыркы шайлоодо "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" партиялары парламентти бөлүп алышкан сыяктуу эле, бул жолу да кудум ошондой. "Ата Журт Кыргызстан", "Ишеним", "Ынтымак" партиялары көпчүлүк орунду ээлеп алышты. Айтайын дегеним, катачылык системада.

Бул башкаруу дегениң "өзүмдү-өзүм билем, өтүгүмдү төргө илем. Эмне кылып аласың?" дегени ушул да. Партиялык система менен өзүм билемдик болмок эмес. Ооба, “келжиребей оозуңду жапчы” дегендер четтен табылат. Анткени, биз парламенттиксистемага толук өтпөй, жарым жартылай гана киргендигибизден катачылык кеткен.

Бирок, ошого карабастан парламенттик системага чын ыкластан өтүү Алмазбек Атамбаевдин кезинде башталганын байкасак болот. 2010-жылы 10-октябрдагы парламенттик шайлоону салыштырмалуу карасак, оппозиция эң көп добуш менен алдыга чыккан. "Ата Журт" партиясы 28 орун менен биринчиликти багындырган эле.

Парламенттин күчү болуп, "кимди ким көрдү, Быржыбайды там басты" болгон эмес. Жогорку Кеңеш чурулдап жатып далай иштердин бети ачылып, иш башталган. Экономикалык ири долбоорлор ошол жылдары из салган.

Түндүк-түштүк альтернативалык жолдун курулушу, “Датка-Кемин” электр долбоорлору мисал. Кийин Сооронбай Жээнбеков бийлигин бир колго топтоого аракет кылды. Акыры Октябрь толкундоосу менен бийлигин уратты...

Демек, толук парламенттик башкаруу системасына келмейинче шайлоолор таза өтүп, саясый, экономикалык туруктуу өнүгүү болбойт окшоп калды. Бир күнү болбосо, кайсы бир учурда кайрадан парламенттик башкарууну тандайбыз (!) деген ойго ишенем.

Булак: Азия News гезити

Последние новости