www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында ири алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 22-февраль күнү Октябрь РИИБине Бишкек шаарынын тургуну арыз менен кайрылган. Анда 2019-жылы декабрь айында А.И аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, Land Cruiser-200 үлгүсүндөгү унаа берем деп алдап, 53 миң доллар өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алып, качып кеткенин жазган.

Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө, аталган кылмыш ишин жасаган деген шек менен 1980-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге эки айга камакка алынган. Учурда аталган жарандын дагы башка кылмыш ишине тиешеси бар жогун аныктоо боюнча тергөө иш-чаралары жүрүп жатканын кошумчалашты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости