www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ШКУ: Конституция боюнча референдум мыйзамга ылайык өткөрүлдү

Конституция боюнча референдум мыйзамга ылайык өткөрүлдү. Бул тууралуу Бишкектеги маалымат жыйында Шанхай кызматташтык уюмунун байкоочулар миссиясынын төрагасы Чжан Хайчжоу билдирди.

Анын айтымында, Шанхай кызматташтык уюмунун миссиясынын байкоочулары Конституция боюнча референдумга даярдык жана аны өткөрүүгө байкоо жүргүздү.

“Миссия Конституция боюнча референдум Кыргызстандын мыйзамына ылайык жана эл аралык милдеттенмелердин негизинде өткөрүлгөнүн билдирет. Ошондой эле миссия референдум ачык-айкын жана лигитимдүү болгонун маалымдайт. Күн мурун байкоочулардын мүчөлөрү Бишкек жана Чүй облусундагы шайлоо тилкелерине байкоо жүргүздү. Миссиянын корутундусу жүргүзгөн байкоонун жана чогултулган материалдардын негизинде чыгарылды”, - дейт ал.

Чжан Хайчжоу байкоочулар шайлоо тилкелерине саат 8:00дө келгенин белгиледи.

“Алар жалпы жонунан 50дөй тилкеде болду. Миссиянын өкүлдөрү болгон шайлоо тилкелеринде коомдук уюмдун, коммерциялык эмес уюмдун жана ЖМКнын кызматкерлери болушканын байкашты”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 11-апрелде Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо жана Конституция боюнча референдумга добуш берүү өттү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости