www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

18-19-октябрь күндөрү Бишкекте жайгашкан соода борборлорунун бириндеги тамактануучу жайда белгисиз адамдар коомдук жайда өзүн алып жүрүү эрежелерин одоно бузушуп, “бойкот” деген сөздөр жазылган плакаттарды көтөрүп, күзөт кызматкерлеринин талаптарына баш ийбестен, коомдук жайга бүлүк салып, коомчулукка жат көрүнгөн аракеттерин жасашып, интернет тармактарында өз аккаунттарына жарыялашкан. Бул тууралуу ИИМден маалымдашты.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Свердлов РИИБдин тергөө кызматы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат. Тергөө жана ыкчам-иликтөө аракеттеринин жыйынтыгында, 1995-жылы туулган К.А., 2000-жылы туулган Ж.С., 2000-жылы туулган К.Б., 1998-жылы туулган Т.И. аттуу шектүүлөр аныкталып кармалып, борбордук милициянын кызматкерлери жана УКМК кызматкерлери менен биргеликте Свердлов РИИБдин тергөө кызматына жеткирилип, териштирүү иштери башталган. Тергөө иштери уланууда.

Последние новости