www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2024-жылдын 19-октябрь күнү ИИМдин “Динамо” спорттук комплексинде Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына жана кызмат учурунда курман болгон милициянын майору Улукбек Балагазыевдин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнир өттү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Турнирдин ачылышына ИИМдин Экстремизге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын башчысы Урмат Джумабеков, ИИМдин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлери, ардагерлер, Улукбек Балагазыевдин жакын туугандары катышты.

Курама командалар ИИМдин, Бишкек шаардык жана Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыктарынын Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматтарынын кызматкерлеринен, ардагерлерден түзүлдү. 

Турнирди ачып жатып, Урмат Джумабеков бүгүнкү спорттук иш-чаранын катышуучуларын жана кесиптештерин алдыда келе жаткан кесиптик майрамыбыз – Кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгы менен куттуктап өттү. Ошондой эле, ал өз сөзүндө кызматтык милдетин аткаруу учурунда курман болгон кесиптеши, милициянын майору Улукбек Балагазыевдин жаркын элесине арналган кичи-футбол боюнча турнирге чогулгандарын билдирди.  

“Бүгүнкү иш-чарага Улукбектин апасы, бир туугандары катышып отурат. Улукбектин жаркын элесине арналган бүгүнкү иш-чараны ɵткɵрүүнү салтка айлантып, бүгүн алдыда келе жаткан, кылым карыткан салтанаттуу иш-чара – Кыргыз милициясынын 100 жылдыгына арнап ɵткɵрүп жатабыз.

Жалпыңыздарды алдыдагы кесиптик майрамыбыз менен куттуктап, бардыгыңыздарга чың ден-соолук, узун өмүр, ишиңиздерге албан-албан ийгиликтерди каалап кетем.

Урматтуу бүгүнкү турнирге катышып жаткан командалар, жалпыңыздарга ийгилик каалайм, күчтүүлөр жеңсин”, - деди Урмат Джумабеков.

Турнирдин жыйынтыгында Чүй ОИИББнын ЭММКАКтын командаыс 1-орунду, 2-орунду ардагерлер командасы, 3-орунду Борбордук аппараттын командасы ээлешип, жеңүүчүлөр кубок, дипломдор менен сыйланышты.

Мындан сырткары, “Мыкты оюнчу”, “Мыкты дарбазачы”, “Мыкты коргоочу” жана “Мыкты чабуулчу” номинациялары боюнча сыйлыктар тапшырылды.

Иш-чаранын экинчи бөлүгүндө сый тамак уюштурулуп, Улукбек Балагазыевге арналып куран окутулду.

Последние новости