www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте боор жана бөйрөгүн алмаштыргандар митингге чыкты

Бүгүн, 25-октябрда, Бишкекте органдарын алмаштырган 30га чукул бейтап Саламаттык сактоо министрлигинин алдына митингге чыкты. Алар иммуносупрессорлор же трансплантацияланган органдардын иштешин колдогон таблеткалар ушул жылдын май айынан бери Кыргызстанга алып келинбей жатканына нааразы.

"Дарылар Түркия жана Европадан алынып келчү. Бирок азыр Орусиядан алып келүү боюнча келишим түзөбүз деп жатышат. Биз Орусия өндүргөн дарыларды алгыбыз келбейт. Анткени анын терс таасири көп жана биздин алмаштырылган органдарга терс таасир тийгизет. Бул жерде биздин укугубуз бузулуп жатат", - дейт бейтаптардын бири.

Учурда бейтаптарды министрдин орун басары Жалалидин Рахматулаев кабыл алууда. Министрлик - тендер улам кийинкиге калтырылып отуруп, дары алып келүү кечеңдеп жатканын белгилөөдө.

Кыргызстандагы бөйрөк кемтигинен жабыркагандардын маселеси гемодиализ жабдуусуна байланышкан. Өлкөдө трансплантация көп жасалбагандыктан бейтаптар 30-40 миң доллар топтоп, чет өлкөлөргө барып операция жасатууга мажбур болот.

Мурдагы вице-премьер-министр Аида Исмаилова өкмөттө иштеп турган былтыркы август айында боор илдетине чалдыккандарды керектүү дары-дармек менен камсыз кылууга убада берген. Аткаруу бийлиги Индиядан баасы үч долларлык дарыны алып келүүгө шарт түзүп бермек. Кыргызстанда анализдер кымбат болгондуктан, көбү боор алмаштыруу үчүн чет өлкөгө барып операция жасатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости