www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Төшөк мамилесинде жубайлардын саткындыгы байыртан оор күнөө эсептелген. Мындай обу жоктукту ар бир дин айыптайт. Мындай адат байыртан келатып ушул күнгө чейин жеткен. Бирок мындан теңири тескери иш кылгандар да кездешет. Генетикалык жактан тукумду асылдандыруу үчүн жана дени сак муунду өстүрүүгө кээ бир калк аялдарына эркектерди алмаштырганга уруксат берет, ал эмес, күйөөсүн алмаштырган аялзатын сыйлайт.
Мындай адат башка эл менен карым-катнаш түзүүнүн жолу, меймандоонун башкы булагы деп абдан баалаган эл-журт бар. Камчатка тараптагы эл мейманга ушундай мамиле кылат. Коряк жана чукча элинде жубайын алмаштыруу - каада-салт боюнча меймандостуктун белгиси катары эсептелет. Булар сырттан келген меймандарын өтө кубаныч менен тосуп алат да, курсактарын кампайткан соң, өз аялын эркелетип, таң аткызуу үчүн меймандарына салып берет.
Кеч кире баштаганда конокко келген адамдардын көңүлүн алыш үчүн үй ээсинин аялы ага жагууга аракет кыла баштайт. Төшөк салууга келгенде үй ээсинин аялы уялбай эле, ага болгон ашыктыгын ачык эле айтып, конок менен бирге төшөк салып, жатып алат. Каада-салтты бекем сактаган күйөөсү мындай нерсеге көнүмүш мамиле кылып, аялын келген конок менен жаткызып, анда эч кандай кызганыч сезими ойгонбойт.
Бул жерде эң башкы максат - коноктордон наристенин жаралышы үчүн кам көрүш керек. Эгер ал максат ишке аша турган болсо, ошол аймакта жашаган, бардык айыл-апа бул жаңылыкты өтө кубаныч менен кабыл алып, кубанычын белгилеп той өткөзөт. Себеби, башка элдин өкүлүнүн генин алып калды, бул төрөлө турган ымыркайдын дени сак болот деп тойлоп жатып калышат.
Аляскадагы эскимостордун да ушундай таң калычтуу каада-салты бар. Муундар аралык маселе Аляска калкынын арасында да бар. Анткени алар да башка калктардан алыста жашайт. Эскимостор да айласы жок өзүнүн жакын туугандары менен нике кыйат. Ошондуктан алардын тукумдары арасында ден соолугу начар наристелер көп төрөлөт. Келечек муундардын ден соолукта болушу үчүн аялдарын башка бирөөнүн алдына салып берүү «меймандостуктун белгиси» катары эсептелет. Мындай иштерге каалаган кыздарды алууга мүмкүнчүлүгү бар урууну башкарган элита эң биринчилерден болуп барат.
Сексуалдуу меймандостук дүйнөнүн башка булуңдарында да кездешет. Мындай өтө таң калычтуу каада-салт артта калган кээ бир калктарда кездешет. Австралиялык арунта деген уруу да өздөрүнүн генин жакшыртуу үчүн өз аялдарын чет жактан келген меймандар менен жатууга уруксат берет. Ал эмес, өзүнүн урууларын башкаруучулар менен койнунда жаткан аялдарын бөлүшкөн учурлар болот.
Которгон: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg